Text1.ru Толгонай Арзыкеева - Апасынын кызы

Текст песни
Чилденин он бири, жаз айы жакындап калган, кезиндең эй
Чыйралып жарыкка келген экен бу балапан, сезилгендей
Жаңылык келди гүл бакча көгөрүп
Жаңырык ыңаалап бешикке бөлөнүп
Ата - эне кубанып сүйүнчүсүн жар салган э-э-эй
Апасынын сөзүн уккан ы кыз экен
Атасына мончок чолпон жылдыз экен
Уялчаак, ийилчээк
Тээ алыстан о
Кудалашып келгени бир нече экен
Атамдын кабагы күзгү сымал
Атамдан биринчи сурагыла
Апамдын айтканы күмүш сырга
Апамдан уруксат сурагыла
Апасынын кызы дагы эле бар экен
А канча мырзанын арманы, арманы экен
Атасынын кызы дагы эле бар экен
А канча мырзанын арманы, арманы экен
Э-э-э-эй э-э-эй э-э-э-эй
Айылдын балдары суктанып күнүгө көз салган эй, э-э-э
Айым деп күнүм деп сулуулугуна таң калган эй, э-э-э
Көчөсүнөн дагы бир өтсөм, оу
Көз кыйыгым менен бир көрсөм, оу
Кыялкеч жигиттер бир биринен кызганган эй, э-э-э
Апасынын сөзүн укканы кыз экен
Атасына мончок чолпон жылдыз экен
Уялчаак, ийилчээк
Тээ алыстан о
Кудалашып келгени бир нече экен
Атамдын кабагы күзгү сымал
Атамдан биринчи сурагыла
Апамдын айтканы күмүш сырга
Апамдан уруксат сурагыла
Апасынын кызы, дагы эле бар экен
А канча мырзанын арманы, арманы экен
Атасынын кызы дагы эле бар экен
А канча мырзанын арманы, арманы экен
Э-э-э-эй э-э-эй э-э-э-эй


Оставьте свой комментарий